Мен Кыргызстанда үйлөнөм. Мен никемди элчиликке каттоодон өткөрүшүм керекпи? Менин никем АКШда таанылабы?
Никеңизди АКШ элчилигине же консулдугуна билдирүү талап кылынбайт.
Жалпысынан алганда, чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө аткарылган жана жарактуу никелер Кошмо Штаттарда да мыйзамдуу түрдө жарактуу. Бирок АКШ ар бир штатында никеге байланыштуу өз эрежелери бар. Ошондуктан, нике жана нике күбөлүгүңүздүн ошол жерде жарактуу экендигин текшерүү үчүн тиешелүү мамлекеттик башкы прокурорго кайрылышыңыз керек.