АКШнын жаранын камакка алуу

Эгер сиз АКШнын жараны болсоңуз жана камакка алынсаңыз жакынкы элчилигиңизге же консулдугуңузга кайрылыңыз. Алар төмөнкүлөргө жардам бере алышат:

  • Англисче сүйлөгөн жергиликтүү адвокаттардын тизмесин берүү.
  • АКШнын жарандарынын үй-бүлөсү же жумуш берүүчүлөрү менен байланышып, алардын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу.
  • Кармалган АКШ жаранына үзгүлтүксүз барып, зарыл болгон учурда окуу материалдарын жана витамин кошумчаларын берүү.
  • Түрмө кызматкерлери сизге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүп жаткандыгын камсыз кылууга жардам берүү.
  • Жергиликтүү кылмыш-жаза сот процессинин жалпы көрүнүшүн камсыз кылуу.
  • Кылмыштын курмандыктарына жардам берүү үчүн жергиликтүү жана АКШнын булактарына маалымат берүү.
  • Түрмө кызматкерлери сиз тандаган диндин дин кызматчыларынын мүчөсү менен жолугушууга уруксат беришин камсыз кылуу.
  • Достору жана үй-бүлөсү түрмөдөгү эрежелерге ылайык, камактагы АКШнын жарандарына акча которуу үчүн OCS Траст фондун түзүү.

Кошумча маалымат алуу үчүн Элчиликтин веб сайтына кайрылыңыз: https://kg.usembassy.gov/services/#Emergency

Мамлекеттик департаменттин вебсайтында кошумча маалыматтар бар https://travel.state.gov/content/travel.html , “Эл аралык саякат”, “Өзгөчө кырдаалдар” жана “АКШнын жаранын чет өлкөдө камакка алуу же камоо” боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

Эгер сиз Кыргызстандагы камакка алуу боюнча түздөн-түз кимдир бирөө менен сүйлөшкүңүз келсе, Жакынкы АКШ элчилигине же консулдугуна кайрылыңыз:

Бишкек
Сураныч, чалыңыз: +996 312 597000
Иш убактысынан тышкары, байланыш: +996 312 597000
Кыргыз Республикасынын сыртында: +996 312 597000

Эгер үй-бүлөңүздүн мүчөсү АКШнын жараны болсо жана камакка алынса жакынкы элчилигиңизге же консулдугуңузга кайрылыңыз. Алар төмөнкүлөргө жардам бере алышат:

  • Англисче сүйлөгөн жергиликтүү адвокаттардын тизмесин берүү.
  • АКШнын жарандарынын үй-бүлөсү же жумуш берүүчүлөрү менен байланышып, алардын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу.
  • Кармалган АКШ жаранына үзгүлтүксүз барып, зарыл болгон учурда окуу материалдарын жана витамин кошумчаларын берүү.
  • Түрмө кызматкерлери сизге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүп жаткандыгын камсыз кылууга жардам берүү.
  • Жергиликтүү кылмыш-жаза сот процессинин жалпы көрүнүшүн камсыз кылуу.
  • Кылмыштын курмандыктарына жардам берүү үчүн жергиликтүү жана АКШнын булактарына маалымат берүү.
  • Түрмө кызматкерлери сиз тандаган диндин дин кызматчыларынын мүчөсү менен жолугушууга уруксат беришин камсыз кылуу.
  • Достору жана үй-бүлөсү түрмөдөгү эрежелерге ылайык, камактагы АКШнын жарандарына акча которуу үчүн OCS Траст фондун түзүү.

Кошумча маалымат алуу үчүн Элчиликтин веб сайтына кайрылыңыз: https://kg.usembassy.gov/services/#Emergency

Кыргызстанда юридикалык жардам алуу үчүн, элчиликтин вебсайтын караңыз: https://kg.usembassy.gov/legal-assistance/

Бул жерден сиз ар бир консулдук райондун адвокаттарынын тизмесин таба аласыз.

Эскертүү: Мамлекеттик Департамент төмөнкү тизмелерде Аты-жөнү жазылган уюмдардын,жеке адамдардын кесиптик жөндөмдүүлүгү,кадыр-баркы же көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты үчүн эч кандай жоопкерчиликти өзүнө албайт. Бул тизмеге киргизүү эч кандай жол менен Департамент же АКШ өкмөтү тарабынан колдоого алынбайт. Аттар алфавит боюнча жайгаштырылган жана алардын кайсы тартипте жайгашканы башка мааниге ээ эмес. Тизмедеги маалыматты түздөн-түз жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөр беришет; Департамент мындай маалыматка кепилдик бере албайт.